Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:38

Парламентте Сох анклавына газ өткөрүүнү токтотуу сунушталды


Мындай сунуш бүгүн Жогорку Кеңештеги «Ата-Журт» фракциясынын жыйынында көтөрүлдү. Орусиянын «Газпром» ишканасына өткөрүлүп жаткан «Кыргызгаз» ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевдин айтымында, Өзбекстандын Сох анклавына Кыргызстан аркылуу газ түтүкчөлөрү өтөт. Ал жакта 27 миңден ашык үй газ колдонот. Кыргызстан бул анклавга газ берүүнү токтотуу мүмкүнчүлүгү бар. Кулмурзаев учурда Кыргызстан мындай сунушту карап жатканын билдирди.

14-апрелде Өзбекстандын "Узтрансгаз” компаниясы келишим мөөнөтү аяктаганына шылтап, Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтоткон. Өкмөт бул маселе боюнча өзбек бийликтери сөзгө келбей жатканын айтып келишет.

Баткен облусунун ичинде жайгашкан Өзбекстандын Сох эксклавында 60 миңдей калк жашайт. (BkA)

XS
SM
MD
LG