Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:59

БУУнун Башкы ассамблеясы Грузиянын демилесин колдоду


Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы жикчил Абхазия жана Түштүк Осетиядан качкан жана сүрүлүп чыккан бардык жарандардын өз мекенине кайтуу укугун тастыктаган резолюцияны кайра кабыл алды. Грузия сунуш кылган резолюцияны 5-июндагы колго салууда 69 өлкө колдоду, 13 өлкө каршы чыкты жана 79 өлкө добуш берүүгө катышпады. Муну менен БУУнун Башкы ассамблеясы аткарууга милдеттендирбеген резолюцияны жетинчи жыл катары менен кабыл алды.

Грузиянын айтымында, резолюциянын максаты эки регион өзүн Тбилисиден күнкорсуз деп жарыялагандан кийин там-жайын таштап, бозгун болуп кеткен миңдеген адамдардын тагдырына эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдуруу.
Абхазия жана Түштүк Осетия өздөрүн 2008-жылкы августтагы Орусия-Грузия согушунан кийин төбөлсүз өлкө деп жарыялашкан. Аларды бүгүнгө чейин Орусия, Венесуэла, Никарагуа жана Тынч океандын түштүгүндөгү Науру республикасы гана тааныды.

XS
SM
MD
LG