Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

Парламент комитети Ниязов жана Рүстөнбековду элчиликке дайындоого макул болду


Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Мирослав Ниязовду Тажикстандагы, Жаныш Рүстөнбековду Түркмөнстандагы элчиликке дайындоого макулдук берди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, комитет мүчөлөрү элчиликке талапкерлердин дипломатиялык тармактагы тажырайбасын эске алып чечим кабыл алышты. Эми алардын талапкерлигин президент бекитиши зарыл.

Мирослав Ниязов буга чейин Тажикстанда элчи болуп эмгектенсе, Рүстөнбеков Казакстандагы элчиликти аркалаган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG