Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:07

Путин жана Порошенко Нормандияда жолугушту


Орусия президенти Владимир Путин жана Украина президенти Петро Порошенко Франциядагы салтанатта жолугушту. Порошенко 25-майда президент шайлангандан бери Путин менен биринчи жолу кездешти. Экинчи Дүйнөлүк согушта Норманияда экинчи фронттун ачылганынын 70 жылдыгына арналган салтанаттан кийинки сый тамак алдындагы жолугушууга Германиянын канцлери Ангела Меркел да катышты. Атын атабоону өтүнгөн франциялык расмий адамдын айтымында, 15 мүнөттүк кездешүүдө Путин жана Порошенко бири-биринин колун көпкө силкилдетип турушкан.

70 жылдык маараке Москванын Украинадагы аракеттерине байланыштуу Орусия-Батыш арасындагы мамиле курчуп турган учурга дал келди.
Орусия жана Украина президенттери жолугушса, глобалдык чыңалуу басаңдайт деген үмүттө аларды кездештирүү үчүн көп дипломаттык аракеттер жасалды.

Франциянын президентинин кеңсеси билдиргенге караганда, мааракеден тыш убакта Владимир Путин жана Барак Обама учкай кездешип сүйлөшкөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG