Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:59

Нарында ажылык жолдомого сынак өтүүдө


Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраевдин буйругу менен Нарындагы дин кызматкерлери үчүн «Үлгүлүү райондук баш имам-хатиб», «Үлгүлүү имам» жана «Мыкты мечит» сынагы өтүп жатат.

Казыят бул номинациялар боюнча 3 жеңүүчүгө ажылыкка жолдомо бермекчи. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын казыятынын басма сөз катчысы билдирди.

Сынактын жобосу боюнча 2-19-июнь күндөрү атайын түзүлгөн комиссия мүчөлөрү графиктин негизинде облустун 5 районундагы ар бир айылга барып, жеринен текшерип, өз жыйынтыгын чыгарат.

25-июнь күнү Нарын обладминистрациясында жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылмакчы. Нарын облсунда жалпы 100дөн ашык мечит бар. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG