Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Мамырова жол буугандарды чагымдан алыс болууга чакырды


Бүгүн Алайдагы жол тоскондорго Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басары, “Ар-намыс” фракциясынан депутат Бөдөш Мамырова келип жолукту. Ал жол тоскондордун талабын колдоорун айтып, чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.

Алайда камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапташтары бууган жол ачыла элек. Тосулган жолдун бир тарабынан унаалар суудан өтүүгө аракет кылышууда. Бензин ташыган “ЗиЛ” үлгүсүндөгү эки жүк унаасы суудан өтмөккө аракет кылып, бирок тыгылып өтө алышкан жок.

Акматбек Келдибековду абактан бошотуу талабы менен анын тарапкерлери 27-майдан бери Ош - Эркеч-Там жолун бууп турат.

Эки күн мурда камактагы депутат Акматбек Келдибеков өзү да жол тосуп турган тарапкерлерине кайрылуу жолдоп, кан жолду ачып коюуну суранган. Бирок тарапкерлери анын бул өтүнүчүн кабыл алган жок. (ErN/MTo)

XS
SM
MD
LG