Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:54

ЦРУ Фейсбук менен Твиттерде баракча ачты


АКШнын Башкы чалгын башкармалыгынын эн белгиси (Central Intelligence Agency, CIA)

АКШнын Башкы чалгын башкармалыгынын эн белгиси (Central Intelligence Agency, CIA)

Кошмо Штаттардын Башкы чалгын башкармалыгы (Центральное разведывательное управление - ЦРУ) Фейсбук жана Фвиттер социалдык сайттарында өз баракчаларын ачканы жума күнү Вашингтондо жарыяланды.

Дүйнөлүк маалымат желесине киргенден кийин бул уюмдун миссиясы жөнүндө коомчулукка кеңири маалымат берүүгө жол ачыларын Чалгын башкармалыгынын жетекчиси Жон Бреннан билдирди. Уюмдун Твиттер баракчасында “бул биздин биринчи маалымат экенин жокко чыгарбайбыз жана тастыктабайбыз” деген биринчи билдирүү чыккандан кийинки алгачкы 90 мүнөттө ЦРУнун баракчасына 84 миң киши катталды.

Айрымдар Обаманын администрациясы мурдагы президенттерге караганда өтө эле жабык деп сындашат. Улуттук чалгын кызматынын директору Жеймс Клаппер өз кызматкерлерине журналисттерге ачык маалыматты дагы расмий уруксатсыз бербөө тууралуу көрсөтмө берген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG