Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

Тымчук: Донбасста жикчилер блокпостторду аткылашты


Украинанын Донбасс облусундагы Славянск районунда жикчилердин огунан эки украин жоокер жараат алды. Бул тууралуу «Маалыматтык каршылык» борборунун жетекчиси Дмитрий Тымчук билдирди.

Ошондой эле куралчан жикчилер антитеррордук операцияларга катышкан аскерлердин машинелерин аткылаганы дагы маалым болду. Жикчилдерга каршы ок чыгарган аскерлер жабыр тарткан жок.

Тымчуктун айтканына караганда, жума күнү жикчилдер атып түшүргөн АН-26 учагынын эки учкучу колго түшкөн жок, бир учкуч ошол жерде набыт болду. Ал эми «борттогу калган экипаж мүчөлөрү тууралуу маалымат такталууда» деп билдирет Тымчук.

Интерфакс агенттиги «ополчениенин штабына» таянып, ишембиге караган түнү Славянск районунун Черевковка кыштагынын жанындагы атышууда үч жай тургун мерт болгонун кабарлайт.

XS
SM
MD
LG