Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:09

Президент Порошенко: Крым Украинаныкы болот


Киевде Украиананын эгемен тарыхындагы бешинчи президент Петро Порошенконун ант берүү аземи өттү. Ант бергенден кийинки сөзүндө жаңы мамлекет башчы «Украиананын биримдигин сактоо жана чыңдоо, өлкөдө тынчтык орнотуп, ишенимдүү коопсуздукту камсыздоону” баса белгиледи.

Порошенко жакынкы күндөрү Украинанын чыгыш аймактарына барып, Донбасста мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү убада кылды. Жаңы президент сепаратисттерди куралын таштоого чакырып, Донбастта киши өлтүрүүгө, террорчуларды каржылоого тиешеси жоктордун бардыгына мунапыс берилерин айтты.

Порошенко Орусия оккупациялап алган Крым Украинаныкы, өлкөнүн мамлекеттик түзүлүшүнө шек келтирген маселелер боюнча эч кандай компромис жоктугун айтып, “Украина унитардык мамлекет бойдон калат” деп баса белгиледи. Бийликке келген президент Евробиримдик менен ассоциациялык макулдашууга кол коюуну тездетүүгө убада берди.

Украинанын Жогорку Радасында өткөн салтанаттуу жыйынга алтымыштай чет элдик делегация катышты. Алардын ичинде 23 мамлекет башчы, өкмөт жана парламент башчылары жана эл аралык уюмдардын жетекчилери бар. Польша, Беларус, Литванын президенттери, Швейцариянын федералдык президенти, ЕККУнун төрагасы, Канаданын премьер-министри, Европа Кеңешинин президенти, ЕККУнун баш катчысы жана БУУнун баш катчысынын орун басары Киевде өткөн иш-чарага катышты. Беш өлкөнүн вице-премьер-министрлери жана Украинадагы элчилер катышты.

АКШнын делегациясында вице-президент Жо Байден, сенатор Жон Маккейн жана Мамлекеттик катчынын жардамчысы Виктория Нуланд бар. Москвадан болсо Киевдеги Орусиянын элчиси Михаил Зурабов катышты.

25-майда өткөн шайлоодо Петро Порошенко 54,7% добуш алып, жогорку кызматка шайланган.

XS
SM
MD
LG