Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Кыргыз футбол делегациясы Бразилияга жөнөп кетти


Kыргызстандын футбол курама командасынын күйөрмандары, октябрь, 2013-жыл.
Kыргызстандын футбол курама командасынын күйөрмандары, октябрь, 2013-жыл.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Футбол федерациясынын бөлүм башчысы Нурдин Букуев билдирди. Анын айтымында, Федерация президенти Семетей Султанов баштаган делегациянын курамында вице-президенттер Аскар Салымбеков жана Асылбек Кадыралиев бар.

Алар 9-июнда Сан-Паулуда Азия футбол конфедерациясынын конгрессине, 10-июнда FIFAнын жалпы конгрессине катышат.

FIFAнын жыйырманчы жолу өткөрүлүп жаткан чемпионатынын ачылыш аземи 12-июнда Бразилиянын Сан-Паулу шаарындагы "Арена-Коринтианс" комплексинде өтөт. Жыйынтык беттешүүлөрдү Бразилия - Хорватия командалары баштайт. Финалдык оюн жана жабылуу аземи 13-июлга Рио-де-Жанейро шаарындагы «Маракана» стадионуна белгиленген. (SA/KMa)

XS
SM
MD
LG