Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Жаш лидерлер Ак үй алдында “Тезекпром” акциясын өткөрөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” иш-чараны уюштуруучулардын бири Мелис Аспеков билдирди. 9-июнда жаштар Жогорку Кеңеш имаратынын алдына белекке окшоп оролгон тезектерди өрттөө акциясын өткөрөт.

Жаш активисттер бул көрүнүш менен бийликтин орчун маселелерди чечүүдөгү алсыздыгын белгилемей болуп жатканын айтууда.

Дүйшөмбүгө белгиленген акция эки айдан бери газсыз отурган Ош шаары жана “Кыргызгаздын” сатылышына арналат.
Бул иш-чара тууралуу чечим 7-июнда өткөн түрдүү позициядагы лидер жаштардын жолугушуусунда кабыл алынган.

Учурда өлкөдө оппозициялык жана пропозициялык көз караштагы жаш саясий лидерлердин башын бириктирүү жараяны жүрүп жатат. Кезектеги жолугушуу Баткен шаарында өтөт. (SA)

XS
SM
MD
LG