Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:12

Штайнмайер: Киев менен Москва түз сүйлөшүүсү керек


Украина менен Орусиянын ортосундагы негиздүү сүйлөшүүлөр гана Украинанын чыгыш облустарында чыңалууну азайтарын Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер белгиледи. Министр Der Tagesspiegel гезити менен маегинде жаңжалды басууга “дагы бир топ” бардыгын белгилеп, Нормандияда президенттер Путин менен Порошенконун жолукканы ишеним арттырат деп баалады.

Штайнмайер Москва менен Киевдин ортосунда негиздүү жана түз сүйлөшүүлөр зарыл деп санайт. Мындай көз карашты Германиянын тышкы иштер мекемесинин башчысы шейшембиде Санкт-Петербургда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукканда дагы билдирет.

Петербургдагы жолугушууга катыша турган Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский дагы ушундай көз карашта экенин Штайнмайер кошумчалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG