Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:18

Кытайдын тышкы иштер министри Индиянын өкмөт башчысы менен жолугушат


Бүгүн кытай министри Ван И Нью-Делиде Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди жана президенти Пранаб Мукержи менен жолугушат. Индияга 8-июнда келген Ван И ал күнү индиянын тышкы иштер министри жолугушуп, эки тараптуу кызматташуулар боюнча “жемиштүү сүйлөшүүлөр” өткөргөнү кабарланган.

Ван И бүгүнкү жолугушуусунда кытай лидери Си Цзинпиндин Индия президентине июнь айынын аягында Бээжинге келип кетүү чакырыгын тапшырмакчы. Индиянын улутчул жаңы өкмөт башчысы Нарендра Моди Индиянын атаандаштары Пакистан жана Кытай менен диалог жүргүзүүгө аракеттенүүдө. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG