Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Болгария “Түштүк агым” газ долбоорунун ишин токтотконун жарыялады


Болгар өкмөт башчысы Пламен Орешарски Софияда америка конгрессмендери менен жолугушуудан кийин “мен ишти токтотууну буйрудум. Биз Брюссель менен кеңешүүдөн кийин кошумча чечим кабыл алабыз” деп билдирген. Европа комиссиясы жана Кошмо Штаттар Орусия сунуштап жаткан “Түштүк агым” газ долбоорун сынга алышкан.

Европарламент долбоордон баш тартууга чакырып, апрель айында чечим кабыл алган. Орус тарап ишти токтотуу боюнча расмий маалымат ала электигин билдирди.

“Түштүк агым” долбоору боюнча орус газы Кара-Деңиз аркылуу Болгарияга, андан ары Сербия, Венгрия, Словения, Хорватия жана Батыш Европага өтүш керек. (AiT)

XS
SM
MD
LG