Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:13

Алайда жол ачыла элек


Бул тууралуу активист Керим Сарбашев билдирди. Анын кечээ күнкү билдирүүсүнө караганда, 8-июнда Алай районунун акими, милиция башчысы жол тоскондор менен жолугушуп, жолду ачууну талап кылышкан:

- Ачып бергиле дешти. Биз талабыбызды айттык, Келдибековду чыгаргыла, болду. Биз саясий мүнөздө эмеспиз. Анан баш прокурор Салянова кетсин деген талапты бүгүн коштук.

Район жетекчилиги бул талаптарды жогорку бийлик органдарына жеткирерин билдирген. Ош - Эркеч-Там жолу 27-майдан бери Сопу-Коргондо жабылып турат. Жол тоскондор Акматбек Келдибековду бошотуу талабын коюшууда. 8-июнга карай жол тоскон жерде тигилген боз үйлөрдүн саны он бешке жетти. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG