Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:54

Пакистандын Карачи аэропортунда аскердик операция аяктады


Пакистан армиясынын билдирүүсүнө караганда, операция учурунда 13 киши өлдү. Генерал-майор Асим Баджванын айтымында, 8-июндан 9-июнга караган түнү он куралчан жоочу Карачи аэропортуна кол салган. Алардын баары өлтүрүлдү. Аэропортто учактар күйүп кетти деген маалыматты генерал төгүнгө чыгарды. Пакистан бийлиги кол салуу башталган мезгилде аэропорттун төрт күзөтчүсү атып өлтүрүлгөнүн кабарлаган эле. Бирок кол салгандар коопсуздук кызматынын формасын кийип алгандыктан өлгөн күзөтчүлөрдүн саны боюнча айырмачылыктар чыккан. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG