Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:12

Жол тоскондор Салянованын кызматтан кетишин талап кыла баштады


Алайда жол тосуп тургандар, 2-июнь, 2014.

Алайда жол тосуп тургандар, 2-июнь, 2014.

Депутат Келдибековду үй камагына чыгаруу талабы менен Алайда Ош-Эркеч-Там жолун бууп тургандар бүгүндөн тарта башкы прокурор Аида Салянованын кызматтан кетишин да талап кыла баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" Келдибековду коргоо комитетинин төрагасы Керим Сарбашев билдирди. "Келдибековду үй камагына чыгарууга Жогорку Кеңеш каршы эмес, анын спикер кезиндеги ишмердигин текшерген Эсеп палатасы да кынтык тапкан жок, бир гана Аида Салянова каршы, ошондуктан ушундай талап кошулду", - дейт Сарбашев.

Ал эми Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан жол тоскондордун жаңы талабы боюнча жакын арада комментарий берилээрин "Азаттыкка" билдиришти.

Акция уюштуруучуларынын айтымында, учурда жол тосулган жерде 15 боз үй тигилип, 500 чамалуу киши турат.

Депутат Келдибековдун тарапкерлери аны үй камагына чыгаруу талабы менен 27-майдан бери Ош - Эркеч-Там жолун бууп турат.

"Коррупция" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталган Акматбек Келдибеков өткөн күздөн бери камакта. Октябрь райсоту өткөн айда анын ишин кароону 27-июнга чейин узартып, депутатты тергөө абагында калтырган чечим чыгарган. (SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG