Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:29

Кыргызстанда бийликтин жогорку тепкичтериндеги 66 адамга иш козголгон


Бул тууралуу Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан "Коррупцияга каршы күрөшүүдөгү парламентаризмдин ролу" аттуу эл аралык конференцияда айтылды.

Анда баяндама жасаган башкы прокурор Аида Салянова 2012-2013-жылдары жогорку кызматтагы чиновниктерге карата 66 кылмыш иш козголгонун белгиледи. Анын ичинен парламент депутаттарына 12, министрлерге 5 кылмыш иши ачылган Мындан сырткары 3 губернатордун орун басарына, 3 мэр, вице-мэрлерге, 11 акимге жана 32 сотко карата иш козголгон.

Аталган конференция Жогорку Кеңештин жана бир катар эл аралык уюмдардын демилгеси менен өтүп жатат. Конференцияга Орусия, Казакстан, Азербайжан, Индонезия, Бангладештен өкүлдөр катышып жатат. (UEz/Bka)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG