Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

Жолдошова: Коррупцияга каршы күрөш тандалма жүрүп жатат


Жылдыз Жолдошева, ЖК депутаты

Жылдыз Жолдошева, ЖК депутаты

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын лидери Жылдызкан Жолдошова бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан "Коррупцияга каршы күрөшүүдөгү парламентаризмдин ролу" аттуу эл аралык жыйында билдирди.

- Азыр күч органдары “Ата-Журт” партиясынан чыккан саясатчыларга гана каршы күрөшүп жатат. Коррупцияга каршы күрөш тегиз жүрбөй жатат. Сот тармагында, укук коргоо органдарында коррупция гүлдөп жатса кайдагы күрөш? - деди депутат.

Анын алдында баяндама жасаган башкы прокурор Аида Салянова өлкөдө 2012-2013-жылдары жогорку кызматтагы чиновниктерге карата 66 кылмыш иш козголгонун белгилеген.

Жогорку Кеңештин жана бир катар эл аралык уюмдардын демилгеси менен өтүп жаткан конференцияга Орусия, Казакстан, Индонезия, Азербайжан, Бангладештен өкүлдөр катышып жатат. (UEz/Bka)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG