Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

“Тезекпром” акциясына чыккандарга административдик иш козголду


Милиция акцияны уюштургандардын бири Мавлян Аскарбековду кармоодо. Бишкек, 9-июнь, 2014.
Милиция акцияны уюштургандардын бири Мавлян Аскарбековду кармоодо. Бишкек, 9-июнь, 2014.
Ак үй алдындагы “Тезекпром” флеш-моб акциясынын уюштуруучуларынын бири, ушул тапта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясында кармалып турган Мавлян Аскарбековдун айтымында, аларды “милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийген эмес” деген берене боюнча административдик жоопко тартканы жатышат.

Акциянын дагы бир уюштуруучусу Сонунбек Жунусбаевдин пикиринде, саясий өңүтү бар болгондуктан милиция бул иш-чараны өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. "Ушундай эле флеш-моб акцияны “маданият өлдү” деп маданият кызматкерлери да уюштурган, бирок аларды эч ким кармаган эмес", - дейт Жунусбаев. Милиция кызматкерлери бүгүнкү акциянын алты катышуучусун кармаган.

Анда жаштар уюмдары 10 чакты тезекти атайын жасалгасы менен ороп, президентке, өкмөткө, депутаттарга жана “Кыргызгаздын” башчысы Тургунбек Кулмырзаевге "белек" кылмак болушкан. Алар муну менен “Кыргызгазды” Орусиянын “Газпром” ишканасына сатуу жаңылыштык болгонуна, Ош аймагы эки айга жакын убакыттан бери газсыз отурганына көңүл бурдурууга аракет кылышмак. Бирок милициянын кийлигишүүсү менен акция башталбай жатып үзгүлтүккө учурады. (ZB)

XS
SM
MD
LG