Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Каралоого каршы мыйзам боюнча Конституциялык палатага арыз жолдонду


Токтайым Үмөталиева

Токтайым Үмөталиева

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева жакында эле президент кол койгон жалган маалымат тараткандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу мыйзамына жана Баш мыйзамды өзгөртпөө үчүн киргизилген 20 жылдык мораторийге каршы конституциялык палатага арыз менен кайрылды.

“Жалган маалымат тараткан журналисттерге каршы кабыл алынган мыйзамды туура эмес деп эсептейм. Жалган маалымат таратууга каршы ЖМК тууралуу мыйзамда да, Кылмыш-жаза кодексинде да жазалар каралган. Андыктан бир эле кылмыш үчүн эки жаза колдонуу мыйзамдарга каршы келет”, - деди “Азаттыкка” Үмөталиева.

Укук коргоочу кошумчалагандай, Конституцияны 20 жылга чейин өзгөртүүго тыюу салуу да мыйзамдарга каршы келет жана ал бул боюнча да конституциялык палатага арыз киргизген.

17-майда Алмазбек Атамбаев кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайлап жалган билдирүү жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги тууралуу мыйзамга кол койгон. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG