Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Политковскаяны өлтүргөндөр өмүр аягына чейин соттолду


Орусия -- Анна Политковскаянын өлтүрүүгө айыпталгандар сотто. Москва, 9-июнь, 2014
Орусия -- Анна Политковскаянын өлтүрүүгө айыпталгандар сотто. Москва, 9-июнь, 2014
Москва шаарынын соту теги чеченстандык Рустам Махмудов жана Лом-Али Гайтукаевди өмүр аягына чейин түрмөгө кести. Сот аларды журналист Анна Политковскаяга кол салууну уюштурган жана ишке ашыргандыгы үчүн айыптуу деп тапты. Дагы 3 киши 12, 14 жана 20 жылга эркинен ажыратылды.

Ошондой эле соттолгондор маркумдун балдарына 5 миллион рубль төлөп берүүгө тийиш. 20-майда сот соттолуучулардын бардыгын күнөөлүү деп тапкан. 2008-2009-жылдары болгон биринчи процессте Москва шаарынын аскердик соту бул иш боюнча шектүүлөрдү актаган. Кийин ал өкүм жокко чыгарылып, иш кошумча тергөөгө жөнөтүлгөн.

Анна Политковскаяны 2006-жылдын октябрында Москвадагы үйүнүн жанында атып кетишкен. Тергөөчүлөр кылмышка анын журналисттик ишмердиги себеп болгон деген бүтүмгө келишти. Бирок аны өлтүрүү буйругун бергендер табыла элек.

XS
SM
MD
LG