Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Төрөтканадагы ымыркайдын өлүмү боюнча медайым иштен алынды


№4 төрөтканадагы ымыркайдын өлүмү боюнча медайым Назира Жекшенова ишинен алынды. Бул тууралуу Бишкектин башкы акушер-врачы Раиса Асылбашева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, белгисиз жагдайда чарчап калган ымыркайдын өлүмүн иликтеген комиссия шалаакылык кылган медайымды иштен айдап, 4 врачка сөгүш берген.

25-майда аталган төрөтканада 29 жаштагаы Нурзада Садырбаеванын 5 күндүк ымыркайы белгисиз жагдайда каза тапкан. Жаш эне буга чейин баласынын өлүмүнө медайымдын шалакакылыгы себеп болгонун айтып келген. Ымыркайдын атасы диндар болгондуктан ымыркайдын жасаты медициналык экспертизадан өтпөй жерге берилген эле. (UEz)

XS
SM
MD
LG