Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

Өкмөт Өзбекстанга кеткен суу каналын жабышы мүмкүн


Токтогул суу сактагычы
Токтогул суу сактагычы
Жалал-Абаддагы Үч-Коргон ГЭСинен Өзбекстанга агып чыккан Наманган каналы убактылуу жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев билдирди. Анын айтымында, өкмөттүк комиссия түштүк аймактардагы суу чарбалардын абалы менен таанышкандан кийин өкмөткө аталган каналды жабуу сунушун берүүнү чечкен.

- Суу адистери Наманган каналын убактылуу жаап туруу сунушун беришти. Биз муну жакында өкмөткө киргизебиз. Анткени аталган каналга 53 жылдан бери оңдоо иштери жүрө элек. Оңдоп-түздөө үчүн жабууга туура келет. Бул жерде Өзбекстан менен тирешүү сыяктуу саясий оюндар жок, - деди Маматалиев.

Наманган каналынан секундуна 35 метр куб суу акса, анын 30 метр кубун Өзбекстан пайдаланат.

Өткөн айда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети өкмөткө газ блокадасына жооп иретинде Өзбекстанга сугат учурунда суу берүүнү токтотуу сунушун жолдогон. Бирок өткөн бейшембиде биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, парламент комитетинин мындай сунушу каралбасын, бул маселе дипломатиялык жолдор менен чечилүүгө тийиштигин билдирген. Өзбекстан сугат үчүн сууну негизинен Токтогул суу сактагычынан алат.(UEz/SM)

XS
SM
MD
LG