Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Баткендеги айланма жолдун курулушу токтоп турат


Айланма жолду куруу иштери. Баткен, 23-январь, 2014
Айланма жолду куруу иштери. Баткен, 23-январь, 2014
Тажикстандын айылдарына кирбей өтүүчү Көк-таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу тажик тарап менен 16-июнга белгиленген сүйлөшүүдөн кийин уланаарын "Азаттыкка" вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди. Анын айтымында, 16-июнда Тажикстандын вице-премьер-министри кыргыз тараптын чакыруусу менен Баткенге келет. Аталган жолугушууда чек ара маселелери менен бирге аталган айланма жолдун курулушу боюнча да сүйлөшүүлөр болот. Маматалиев учурда көпүрөлөрдүн курулушу боюнча чечилбеген маселелер бар экенин да кошумчалады.

Жалпы узундугу 25 чакырымдай келген Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу былтыр декабрда башталган. Бирок тажик тарап жолдун курулушуна каршы чыгып, мунун айынан быйыл 11-январда эки өлкө чек арачылары кагылыша кеткен. Андан кийин да эки ортодо бул жолго байланышкан чыр-чатак токтобой келди. 5 айдан бери жаңжалга себепчи болуп келген бул жолдун курулушу 12-13-май күндөрү Дүйшөмбү шаарында өткөн өкмөттүк деңгээлдеги кыргыз-тажик сүйлөшүүсүндө макулдашылып, курулуш жанданмай болгон. Бирок андан бери да иш жылган жок. (UEz/SM)

XS
SM
MD
LG