Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

Пакистан Ооганстандын кол салуу аракети тууралуу ишарасын четке какты


Пакистан Ооганстандын президенттигине талапкер Абдулла Абдуллага кол салуу аракетине тиешеси бар деген айыптоолорду четке кагууда. 14-июндагы шайлоонун фаворити аталып жүргөн Абдулла 6-июндагы кол салуудан аман калган. Теракттан 12 киши набыт болуп, 40 чактысы жараат алган.

Ооганстандын президенти Хамид Карзайдын кеңсеси тараткан билдирүүдө айтылгандай, алдын ала тергөө окуяга “башка өлкөнүн чалгындоо кызматы” жана Пакистанда жайгашкан “Лашкар-и Таиба” согушкер тобунун тиешеси болушу мүмкүн деген бүтүмгө келди.

Пакистан Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Тасним Аслам дүйшөмбү күнү “Пакистандын кол салууга тиешеси жөнүндөгү ишараларды четке кагабыз” деп билдирди. Аслам “Кабулдун мындай жоопкерчиликсиз ырастоолору Исламабадды кабатыр кылганын” белгиледи.

Адатта Ооганстан кошуна өлкөдөн шектенгенде аты аталбаган чет өлкө тууралуу айтып келет.

XS
SM
MD
LG