Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:51

"Газпромдун" Европадагы курулушу токтотулат


Сербияда "Түштүк агымдын" курулушу салтанаттуу башталган учур. 24-ноябрь, 2013-жыл.

Сербияда "Түштүк агымдын" курулушу салтанаттуу башталган учур. 24-ноябрь, 2013-жыл.

Болгария “Түштүк агым” газ долбоорун токтотуусун Орусия сындап чыкты. Орусия газын Европага Украинага кирбестен жеткирүүнү караган ири долбоордун болочогу күмөн жаратууда.

Болгария “Түштүк агым” долбоору боюнча иштерди АКШ менен Еврошаркеттин камтамаcынан кийин токтотконун бул өлкөнүн премьер-министри Пламен Орешарский жарыялады. Анын айтымында, мындан аркы чечим Брюссель менен консультациялардын жыйынтыгына жараша кабыл алынат.

Софиянын соңку чечимине чейин Еврошаркет Болгарияга газ куурун төшөө иши шаркет алкагындагы эрежелерди бузарын эскертип, өткөн аптада расмий кат жөнөткөн эле. Еврокомиссиянын расмий өкүлү Антуан Коломбани Брюсселдеги басма сөз жыйында Софияга жиберилген эскерттүү тууралуу буларды белгилеген:

- Рыноктун мамлекеттик контракттарды ыйгарууга байланышкан ички эрежелери сакталган эмес. Тагыраак айтсак, биздин негизги тынчсыздануубуз - долбоор үчүн түзүлгөн “Түштүк агым-Болгария” компаниясы долбоорлоо, каржылоо, курулуш жүргүзүү жана газ куурун эксплуатациялоо боюнча контракттарды мындай учурда талап кылынган ачык-айкын атаандаштык эрежелердин негизинде алган эмес.

Болгариянын энергетика министри Драгомир Стойневдин ырастоосунда, курулуштун токтотулушу Болгария “Түштүк агымдан” такыр эле баш тартты дегенди билдирбейт.

Болгариянын чечимине байланыштуу “Түштүк агымдын” өз бөлүгүндөгү курулушун токтотууга аргасыз болуп жатканын Сербия да айтууда. Бул өлкөнүн премьер-мнистри Александр Вучич алардын аймагында курулуш уланып жатат деген маалыматты 9-июнда төгүндөдү.

Орусиянын Энергетикалык коопсуздугу боюнча улуттук корунун башчысы Константин Симонов “Дождь” телеканалы менен маегинде Болгария жана Сербиянын кадамдарын комментарийлеп:
Константин Симонов

Константин Симонов

- Бул Еврокомиссия долбоорду талкалоого киришкенин каңкуулап турат. Еврошаркетке мүчө жана талапкер өлкөлөргө кысым көргөзүү үчүн мүмкүн болгон рычагдардын баарын колдонууда. Сербияга шантаж кылып жатканы ачык эле көрүнүп калды. Еврошаркетке албай турганын ачык эле каңкуулоодо. Сербия болсо Хорватиянын артынан шаркетке кошулууну каалайт, - деди.

Сербиядан мурун Болгария “Түштүк агымдын” маршрутундагы чечүүчү өлкө. “Газпромдун” Орусиядан башталган кууру Болгариядан кургакка чыкканга дейре Кара деңиздин түбү аркылуу төшөлүүсү керек. Андан ары Италиянын түндүгүнө жеткенге чейин Сербияны жана Түштүк-Чыгыш Европанын башка өлкөлөрүн аралайт.

Орус газын Европага Украинага кирбестен жеткирүүнү караган куур долбоор боюнча толук кубаттуулукта иштегенде жылына 63 миллиард куб метр көгүлтүр отту өткөрүүгө эсептелген.

“Түштүк агымдан” бир нече жыл мурда Балтика деңизинин түбү аркылуу “Түндүк агым” кууру төшөлүп, ал учурда Германияга жылына 55 миллиард куб метр газ чыгарууда.

Еврошаркет эски континентте “Газпромдун” монополдук туруму чыңдалып баратканына украин кризисине чейин эле камтама болуп келген. Шаркеттеги эреже боюнча бир эле компания газды өндүрүп жана көгүлтүр отту ташуучу куурларга ээлик кыла албайт.
"Түштүк агым" долбоору үчүн даярдалган куур. Нижний-Новгород, Апрель 2014.

"Түштүк агым" долбоору үчүн даярдалган куур. Нижний-Новгород, Апрель 2014.


“Түштүк агымды” куруу үчүн “Газпром” анын жолундагы өлкөлөрдө жергиликтүү компаниялар менен өнөктөштүккө барып, биргелешкен ишканаларды түзгөн. Бирок алардын көбүнө Орусиянын каржысы же насыясы берилген.

Быйыл апрелде Орусия Крымды аннексиялагандан кийин Европарламент шаркеттин өлкөлөрүн “Түштүк агымдын” курулушун токтотууга чакырган резолюция кабыл алган. Долбоор боюнча камтамачылыгын Кошмо Штаттар да айткан.

Орус президенти Путин эгер Брюссель "Түштүк агымды" ишке ашырууга тоскоолдук кылса, Москва куурду Еврошаркетке кирбеген өлкөлөр аркылуу төшөөнү караштырарын билдирген. Эксперттер андай өлкө катары Түркияны аташат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG