Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:22

Украина президентинин тынчтык планы жактырылды


Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлиги 9-июнда маалымдады. Украина, Орусия жана ЕККУнун өкүлдөрү президент Петр Порошенконун тынчтык планы боюнча 8-июндагы жолугушууда бир пикирге келишти. Бул план Донецк жана Луганск облустарында кырдаалды жөнгө салууга салым кошууга тийиш.

Президент Порошенко "Украина жана Орусия ЕККУнун катышуусу менен күн сайын сүйлөшүү жүргүзүүгө тийиш, ушул жумада биз куралдуу кагылышууларды токтотушубуз керек" деп билдирген. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусия үч тараптуу сүйлөшүүлөргө кызыкдарлыгын билдирген. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG