Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

АКШ менен Иран ядролук программа боюнча сүйлөшүүлөрдү улантат


Кошмо Штаттар менен Ирандын өкүлдөрү бүгүн Женевада Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшөт. Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчинин билдирүүсүнө караганда, 9-июндагы сүйлөшүүнүн биринчи күнү “позитивдүү жана конструктивдүү” маанайда өттү. АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Мари Харф сүйлөшүүлөр беш сааттан ашык жүргөнүн билдирди:

-Бизде көп эмес убакыт калганын билебиз. Ошондуктан дипломатия активдешет дегенбиз. Татаал чечимдер кабыл алыныш керек. Биз ал 20-июлга карай кабыл алынат деп турабыз.

Иран АКШ менен жекече сүйлөшүүлөрдөн кийин дүйнөлүк ири алты мамлекеттин өкүлдөрү менен сүйлөшүүнү улантыш керек. Дүйнөлүк ири мамлекеттер менен Иран убактылуу келишимдин мөөнөтү аяктаганга чейин Ирандын ядролук программасы боюнча узак мөөнөттүү келишимге жетишүүнү көздөөдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG