Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:04

Кыргызстанда оң рулдуу унааларга чектөө киргизилет


Бишкектеги машина базар
Бишкектеги машина базар
Кыргызстан Бажы биримдигине кошулгандан кийин оң рулдуу унааларга чектөө киргизилээрин "Азаттыкка" экономика министринин орун басары Данил Ибраев билдирди. Анын айтымында, буга чейин министрлик өкмөткө оң рулдуу унааларга тыюу салуунун ордуна, өндүрүштөн 5 жылдан мурда чыккан унааларга бажы төлөмүн эки эсе жогорулатууну сунуштаган. Бирок өкмөт сунушту четке кагып, ИИМдин оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизбөө сунушун колдогон токтом чыгарган.

Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдө автоунаалардын техникалык абалы боюнча евро-5 стандарты ишке ашырылат. Ага ылайык, 2008-жылдан мурда чыккан автоунаалар биримдиктин аймагына киргизилбейт.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасы 29 майда Астанадагы жыйында кабыл алынган. Бирок өлкө бул уюмга качан толук мүчө болуп кириши азырынча так айтыла элек. (UEz)

XS
SM
MD
LG