Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Орто-Токой суу сактагычын Өзбекстандан өткөрүп алуу чечиле элек


Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой (Казан-Сай) суу сактагычын дале Өзбекстан иштетип келет. Аны Кыргызстанга өткөрүп алуу маселеси чечилбей жатканын бүгүн "Азаттыкка" Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу чарба департаментинин башчысы Көкүмбек Таштаналиев билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү тургундар бул суу сактагычты өткөрүп алуу талабын койгон соң өкмөттүк деңгээлде иштер башталган. Иш ушул күнгө чейин уланып жатат.

- Азырынча бул боюнча бир чечимге келе элекпиз. Эгер өкмөттүк деңгээлде маселе чечилип, суу сактагыч биздин карамакка өтсө, биз аны иштетүүгө даярбыз, - деди Таштаналиев.

Совет доорунда курулган Орто-Токой суу сактагычын ошол мезгилден тарта Өзбекстан пайдаланып келет. Ал чек арадан 13 чакырым ичкериде - Кыргызстандын аймагында жайгашкан. Жергиликтүү эл былтыр суу сактагычты Өзбекстан мыйзамсыз жана акысыз пайдаланып жактанына нааразы болуп, аны Кыргызстанга өткөрүп алуу талабын койгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG