Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:50

Беларуста учакты айдатып качууга аракет кылган адам кармалды


Минск аэропорту
Минск аэропорту
Беларус мамлекеттик коопсуздук кызматы маалымдагандай, Грузиянын Кутаиси шаарынан Минскти көздөй бараткан учакты грузин улутундагы жаран башка тарапка айдатууга аракет кылган. Учактын экипажы жүргүнчүдөн кат түрүндө Евробиримдик өлкөлөрүн көздөй учуу буйругун алган. Ал талабы аткарылбаса "учакты жардырам" деп коркуткан.

Экипаж самолетту Минскке кондуруп, ызы-чуу салган 41 жаштагы жүргүнчү кармалды. Бул окуя боюнча кылмыш иши ачылды.

XS
SM
MD
LG