Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:06

Тажикстанда Ислам партиясынын лидерине жумуртка атышты


Тажикстан -- Мухиддин Кабири эл менен жолугушууда. Куляб, 10-июнь, 2014.

Тажикстан -- Мухиддин Кабири эл менен жолугушууда. Куляб, 10-июнь, 2014.

Бүгүн Тажикстандын түштүгүндө жайгашкан Куляб шаарында Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасы Мухиддин Кабирини белгисиз жаштар жумуртка жана помидор менен ургулашты. Партиянын Кулябдагы лидери Мухаммадшариф Набизоданын айтымында, шаарда жашабаган белгисиз жаштар Кабиринин шаар эли менен болгон жолугушуусуна жолтоо болгонго аракет жасашкан.

Жолугушуу партиянын шаардагы кеңсесине белгиленген эле. Бирок бир күн мурда жергиликтүү салык кызматы белгисиз себептерден улам кеңсени жаап салган. Ошол себептен жолугушуу Жаштар үйүндө өтүп жаткан.

Бул Ислам кайра жаралуу партиясынын өкүлдөрүнө жасалган биринчи чабуул эмес. Ушул жылдын февраль айында партиянын жыйналышы өтүп жатканда бир нече аял менен Элдик фронттун мурдагы талаа командирлеринин бири Иброхим Исмоилов кирип келип, иш-чараны үзгүлтүккө учуратууга аракет жасашкан.

Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясы Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен каттоого турган жана парламентте орун алган жалгыз ислам партиясы.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG