Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Орусия менен Украина газ боюнча сүйлөшүүнү бүгүн улантат


Бул тууралуу Европа комиссиясынан кабарлашты. 10-июнда Брюсселде эки өлкөнүн энергетика министрлери катышкан сүйлөшүү натыйжасыз аяктаган эле.

Эки тарап газга баа боюнча келише албай жатышат. "Газпром" карыз төлөнбөсө, газ берүүнү токтоторун билдирсе, Киев өз кезегинде миң кубметр газга баанын 268 доллардан 485 долларга көтөрүлүшүнө каршы болуп, андай баа менен төлөөдөн баш тартууда. Орус маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, "Газпром" карыз төлөөнүн мөөнөтүн 16-июнга чейин узартты. (AiT)

XS
SM
MD
LG