Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:26

АКШ жана БУУ Ирактагы абалга тынчсыздануу билдирди


Ирак жана Леванта ислам мамлекетинин жоочулары бир нече күнгө созулган айыгышкан согуштан кийин өлкөнүн түндүгүндөгү Мосул шаарын көзөмөлүнө алышкан. АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Жен Псаки Ирак жана Леванта ислам мамлекетинин жоочулары жалпы регион коопсуздугуна коркунуч туудурарын айтып, Кошмо Штаттар ага күчтүү жана биргелешкен жооп берүүнү колдоорун билдирди. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун ирак лидерлерин өлкө башына түшкөн коркунуч учурда улуттук биримдикти көрсөтүүгө чакырды. Ирактын өкмөт башчысы Нури-ал-Малики өзгөчө кырдаал киргизүүнү парламенттен өтүндү. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG