Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Парламентте Алайдагы жол тоскондордун маселесин кароо сунушталды


Алайдагы жол тосуу, 7-июнь, 2014.
Алайдагы жол тосуу, 7-июнь, 2014.
Парламенттин бүгүнкү жыйынында вице-спикер Бөдөш Мамырова камактагы депутат Келдибековго байланышкан маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштады. Бирок депутат Өмүрбек Текебаев ага каршы чыгып, Алайда жол тосуп тургандар менен адегенде кадыр-барктуу депутаттар жолугушуп, абал менен жакындан таанышкандан кийин гана бул маселени парламентке алып чыгуу керектигин белгиледи.

Учурда Алайдагы жол тосуу уланууда. Жол тоскондордун башчысы Керим Сарбашевдин айтымында, жол жээгине тигилген боз үйлөрдүн саны 19га жетти.

Камактагы депутат Акматбек Келдибековду үй камагына чыгарууну талап кылгандар 27-майдан бери Ош-Эркеч-Там жолун Сопу-Коргон айылынынан тушунан бууп турат. (Uez)

XS
SM
MD
LG