Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

АКШ Конгрессинин мүчөсү Кантор праймеризде утулуп калды


АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасындагы республикачылардын лидери, таасирдүү саясатчылардын бири Эрик Кантор өзүнүн Виржиния штатында праймериз шайлоодо утулуп калгандыктан кийинки жылы Корнгресстен кетет. Добуш берүүдө Республикачылар партиясынын консервативдүү канатынын өкүлү, экономика илимдери боюнча профессор Дэйв Брэт утуп чыкты.

Келечекте Өкүлдөр палатасынын спикери болот делген Кантордун утулуп калышы – Республикачылар партиясынын саясий салмагына урулган катуу сокку катары бааланууда. Профессор Брэт Канторду АКШдагы мыйзамсыз иммиграцияга өтө эле лоялдуу позицияда болгон деп сындады.

Ушул жылдын ноябрь айында Кошмо Штаттарда Конгресске шайлоо өтүп, анда Өкүлдөр палатасы менен Сенаттын үчтөн бир бөлүгүнө кимдер келээри аныкталат. Ал шайлоодо Брэтке атаандаш болуп Демократиялык партиянын талапкери чыгат.

Күздө өтчү шайлоодо республикачылар Өкүлдөр палатасында көпчүлүк орундарды сактап калып, азыр демократтар көптүк кылган Сенаттан дагы арбын мандат алууга ниеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG