Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:12

Жогорку Кеңеш Келдибековдун маселесин карашы мүмкүн


Акматбек Келдибеков парламентте, 17-декабрь, 2010.

Акматбек Келдибеков парламентте, 17-декабрь, 2010.

Бул маселе парламент жыйынынын бүгүнкү күн тартибине акыркылардан болуп киргенин, убакыт жетсе каралаарын "Азаттыкка" “Ата-Журт” фракциясынын башчысы Жылдыз Жолдошева билдирди. Буга чейин аталган фракция Акматбек Келдибековго чет жерде дарыланууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү парламентте талкуулоо чечимин кабыл алган.

Акматбек Кедибековго 10-июнда төртүнчү ирет операция жасалган. Жолдошева анын акыбалын оор деп баалап, чет жерде дарыланып келүүгө уруксат берүү зарылдыгын айтууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, парламенттеги оппозициялык "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков мамлекеттин акчасын жөнсүз короткон деген айып менен былтыр 22-ноябрда камакка алынган. (ZB/SM)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG