Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Кыргызстан Украинанын жаңы президентин куттуктай элек


Петро Порошенко президенттик кызматка киришүү үчүн ант берип жатат. Киев, 7-июнь, 2014.
Петро Порошенко президенттик кызматка киришүү үчүн ант берип жатат. Киев, 7-июнь, 2014.
Бүгүн Кыргызстандагы бир катар жарандык активисттер, саясатчылар өлкө бийлигинин Украинадагы окуялар боюнча позициясын сындап чыкты. Алар өлкө жетекчилиги Украинанын жаңы шайланган президенти Петро Порошенкого али күнчө расмий куттуктоо жибербегенине нааразы болуп, өз атынан интернет аркылуу куттуктоо да жолдоп жиберишкен.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков болсо Алмазбек Атамбаев эс алууда болгонуна байланыштуу Украинанын жаңы шайланган президенти Петро Порошенкого куттуктоо жибере электигин "Азаттыкка" билдирди:

- Биринчиден, биздин президент акыркы учурда сапарлардан соң эс алууга чыккан. Ушул күндөрү жиберебиз деп күтүп жатабыз. Бул нерседен трагедия кылбашыбыз керек. Экинчиден, бизде да ушундай учур болгон. 2010-жылы ыңкылап болуп, Роза Отунбаева президенттикке киришкенден кийин алар да бир айдан кийин куттуктоо жөнөткөн. Муну да эске алуу керек.

25-майда Украинадагы шайлоодо жеңишке жеткен Петро Порошенко 7-июнда ант берип, президенттик кызматка расмий түрдө киришкен. (BkA)

XS
SM
MD
LG