Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:56

Мосулда түрк дипломаттар уурдалганы кабарланууда


“Ал-Каида” менен байланышкан радикал топтун мүчөлөрү Ирактын кырдаал курчуп турган Мосул шаарында Түркиянын консулдугунда иштеген дипломаттарды уурдаганы кабарланууда.

Түркиянын бийликтери 48 жараны, анын ичинде Түркиянын консулу менен консулдуктун кызматкерин “Ирак жана Левантедеги Ислам мамлекети” радикалдык уюмунун мүчөлөрү уурдап кетти деген билдирүүсүнө таянып батыштык агенттиктер жазууда.

Исламчыл топ Ирактын түндүк батышындагы Мосул шаарын жана Найнави провинциясын ээлеп алган. Женевада жайгашкан Миграция боюнча эл аралык уюм жарым миллион киши Мосулдан чыгып кеткенин билдирди. Ал ортодо агенттиктер Ирактын борбордук бөлүгүндөгү Тикрик шаарын исламчыл экстремисттер басып алганын кабарлашты.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG