Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:43

Кумтөрдө тоо-кен иштерин жүргүзүүгө уруксат берилди


Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, өкмөттүн 11-июндагы буйругун аткаруу максатында Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик эки шарт менен Кумтөрдүн 2014-жылкы иш планын бекитип берди. Ал шартка ылайык, Давыдов мөңгүсүндө иш жүргүзүү Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашылыш керек. Ошондой эле чалгындоо учурунда аныкталган бардык кенди “Центерра Голд” мамлекеттик баланска 1-августка чейин өткөрүүгө тийиш. 2014-жылдын иш планы бекитилбесе, 13-июндан тарта Кумтөрдө иш токтотуларын “Центерра” өткөн жумада билдирген эле.

“Ата Мекен” фракциясы “Центерра Голддун” мамлекетти шантаждоосуна жол бербөөнү жана 2014-жылкы иш планын бекитпөөнү өкмөткө сунуштаган эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG