Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:23

Жалал-Абадда июнь коогасынын төрт жылдыгы эскерилүүдө


Июнь коогасынын курмандыктарына арналган эстелик, Жалал-Абад облусу.

Июнь коогасынын курмандыктарына арналган эстелик, Жалал-Абад облусу.

Июнь каргашасында шейт болгондорду эскерүү митинг-реквиеми өкмөт эсебинен Бишкек - Ош жолунун боюна тургузулган эстеликтин жанында өттү. Ага келген социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев окуяда жабыр тарткандарга көрсөтүлгөн мамлекеттик жардамдар тууралуу айтып, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Нурбек Жээналиев төрт жыл мурдагыдай каргаша кайталанбоосу жана мамлекеттик бүтүндүктү сактоо үчүн өлкөдө жашаган ар бир адам ынтымакты бекемдеп, тынчтыкка салым кошуусу зарыл экендигин белгиледи.

Окуяда бир тууган иниси набыт болгон "Санпа шейиттери" коомунун мүчөсү Аскар Караев четке качып кеткен каргашанын уюштуруучулары жана аткаруучуларын кармап жазалоону өтүндү.Митингге калабада набыт болгондордун урук-туугандары, Жалал-Абад, Сузак,Базар-Коргон аймактарынын коомчулук өкүлдөрү, күч уюмдарынын кызматкерлери ,жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, каза тапкандардын арбактарына куран окулду.

Облустун прокурору Кылычбек Токтогулов "Азаттыкка" издөөдө жүргөн 41 адамдын ичинен 7өө кармалып соттолгонун, төрт киши Орусияда кармалганы менен алардын экөөсү Россия Федерациясынын жарандыгын алгандыгына байланыштуу ал өлкө берүүдөн баш тарткандыгын, калган экөө саясий баш калка сурап кайрылган арызын Европа соту караганга чейин кайра коё берилгенин, издөөдө жүргөн адамдарды табуу боюнча иш-аракеттер улантыла бере тургандыгын билдирди. Июнь коогасында Жалал-Абад облусунда 78 адам каза тапкан.(YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG