Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:30

​Кочкордогу белгисиз жырткычтын маселеси парламентке жетти


Атылган белгисиз жырткычтарды жергиликтүүлөр телефонго тартып алган сүрөт, Кочкор району.

Атылган белгисиз жырткычтарды жергиликтүүлөр телефонго тартып алган сүрөт, Кочкор району.

Кочкор районундагы 50гө жакын кой-козунун канын соруп кеткен белгисиз жырткыч жаныбарга өкмөттүк деңгээлде каршы чаралар көрүлүшү керектигин парламент жыйынында “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков айтып чыкты.

Ал бул боюнча бир катар жергиликтүү жашоочулар арыз менен кайрылганын белгиледи:.

- Белгисиз жандык элдин мал-жандыктарын кырып кетип жатыптыр. Ага каршы күч органдары, ветеринардык кызмат чара көрүш керек, -
деди эл өкүлү.

Буга чейин Кочкор айыл өкмөт башчысы Мирлан Исраилов белгисиз жандыктан 30га жакын кой-козу, 20дай тоок чыгым болгонун айткан.

Эл ичинде белгисиз жандыктын алдыңкы буттары кыска, арткылары узун келип, чөөгө окшошуп кетет экен деген кеп жүрөт. Ал ит менен чөөнүн, же бөрү менен чөөнүн ортосунда пайда болгон бир жандык болушу мүмкүн деген божомол да бар. Аймакта болгону түн ичинде кой, тоок тиштелип өлүп жатканы уланууда.

Райондук ветеринардык департамент тиштелип өлгөн койлор дароо көмүлгөнүн, эл ичинде айтылган "канын соруп кетип жатат" деген кептер аныкталбаганын буга чейин "Азаттыкка" билдирген. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG