Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Спортчулар кримтөбөл Анапияевдин ишин калыс кароону суранууда


Алманбет Анапияевге издөө салган Интерполдун сайтындагы жарыя.
Алманбет Анапияевге издөө салган Интерполдун сайтындагы жарыя.
Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров билдирди. Ага мындай өтүнүч менен кайрылган 36 спортчу эгер Анапияевдин иши калыс иликтенсе ал Кыргызстанга кайтууга даяр экенин айтышкан.

- Мага олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев баштаган белгилүү спортчулар кат менен кайрылышты. Алардын арасында Орзубек Назаров, Александр Воинов, Жанбулат Амантаев, Канат Бегалиев, Айсулуу Тыныбековалар да бар. Алар Анапияевге мүмкүнчүлүк берип, анын иши сотто калыс каралышын суранууда”, - деди депутат.

Алмамбет Анапияев Кылмыш кодексинин адам уурдоо, талап-тоноочулук жана адамды эркинен мыйзамсыз ажыратуу деген беренелери боюнча айыпталып, ага эл аралык издөө салынган. Айрым маалыматтар боюнча Анапияев Бириккен Араб Эмираттарында жашайт.

Аз күн мурда Кыргызстандагы кримтөбөлдөрдүн бири Камчы Көлбаев абактан бошотулган. Ага да адам уурдоо, уюшма кылмыштуу топ уюштуруу сыяктуу 7 оор берене боюнча айып тагылып, бирок сот бирөөнү коркутуп, мүлкүн тартып алуу беренеси боюнча гана айыптуу деп тапкан. Жогорку Сот мындай чечимге жабыркагандардын жана күбөлөрдүн Көлбаевди айыптоодон баш тартуусу себеп болгонун айткан.(UEz)

XS
SM
MD
LG