Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:33

Пан Ги Мун эл аралык коомчулукту Ирактын бийлигине тилектештик көргөзүүгө чакырды


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун
Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун эл аралык коомчулукту Ирактын бийлигине тилектештик көргөзүүгө чакырды. Кечээ БУУнун Коопсуздук кеңеши Мосул шаарындагы окуяларды сынга алып, “ал-Каидага” байланышы бар “Ирак жана Левантанын Ислам мамлекети” радикалдык тобун аймактагы абалды дестабилдештирип жатканын айыптады.

Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики Мосулду кайра өз көзөмөлүнө алууга сөз берди. Ал шаарды согушкерлерге басып алууга мүмкүнчүлүк түзүп берген аскер кызматкерлери жазаланаарын кошумчалады.

Шаршембиде “Ирак жана Левантанын Ислам мамлекети” радикалдык тобунун мүчөлөрү Тикрит шаарын ээлешти, андан бир күн мурда Мосул калаасын басып алып, Түркиянын 80 жаранын барымтага алышкан.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Мосулдан жарым миллион адам үй-жайларын таштап качып чыккан.

XS
SM
MD
LG