Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:04
12-июнда Бразилияда баштала турган дүйнө чемпионатында 32 өлкөнүн тандалма командалары 8 тайпа, топко бөлүнүп, мөрөй талашат. Дүйнө чемпионатынын кожоюну, футболдон дүйнөнүн беш жолку чемпиону Бразилия “А” тобунда Камерун, Мексика, Хорватия өлкөлөрүнүн командалары менен мөрөй талашат. “В” тобундагы атаандаштар 2010-жылкы дүйнө чемпиону Испания, Чили, Австралия жана Голландия өлкөлөрү. Колумбия, Кот-д’Ивуар, Жапония жана Грекия “С” тобунда күч сынашат. Дүйнөнүн 4 жолку чемпинону Италия, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Уругвай, бир жолку чемпиону Англия жана Коста-Риканын футболчулары менен “D” тобунда атаандашат.

“E” тобундагы атаандаштар дүйнөнүн бир жолку чемпиону Франция, Швейцария, Эквадор жана Гондурас командалары болушту. Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Аргентина, Нигерия, Иран жана Босния өлкөлөрүнө кошулуп “F” тобунда беттешет. Дүйнөнүн үч жолку чемпиону Германия, Гана, АКШ, Португалия болсо “G”тайпасында беттешет. “H” тайпасында Бельгия, Алжир, Түштүк Корея жана Орусия командалары күч сынашмакчы. Ушул сегиз топто биринчи жана экинчи орундарды ээлеген командалар чейрек финалдык беттешүүгө укук алышат.

Бүгүн Натал шаарындагы «Арена дас Дунас» стадионунда Мексика менен Камерундун беттешүүсү <ишкек убактысы боюнча түнкү саат ондо башталат. Сан-Паулу шаарындагы «Арена Коринтианс» стадионунда чемпионаттын ачылыш аземи жана Бразилия менен Хорватиянын оюну өлкө аймагында түнкү саат экиде НТС телеканалы аркылуу көрсөтүлөт. (КМа)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG