Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши Рамазан айынын башталышын, Орозо жана Курман айт күндөрүн тактоо жөнүндө фатва чыгарды. Ага ылайык, 2014-жылдын 28-июну Рамазан айынын биринчи күнү болуп бекитилди. Ошондой эле Орозо айт 28-июлга, Курман айт 4-октябрга белгиленди. Бирок фатвада жогоруда көрсөтүлгөн күндөр айдын чыгуусуна байланыштуу бир күнгө айырмалануусу мүмкүндүгү эскертилген. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Рамазан мусулмандар үчүн эң ыйык ай. Бул айда орозо кармоо, же таң аңаргандан каш карайганча наар албай жүрүү мусулмандын беш парзынын бири катары эсептелет. Кыргызстанда калктын 80 пайыздан ашууну мусулман экени айтылып келет.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG