Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:35

Алайдагы жол тосуу кытай жарандарын да түйшүккө салды


Алайдагы жол тосуу, 7-июнь, 2014.
Алайдагы жол тосуу, 7-июнь, 2014.
Кытайдын Оштогу баш консулу У Инцинь Ош - Эркеч-Там жолунун жабылышы 400гө жакын кытай жаранынын ишин үзгүлтүккө учуратканын билдирди. Бул тууралуу баш консул ИИМдин аймактагы өкүлдөрүнүн башчылары менен жолугушууда айтканын "Азаттыкка" Ош облустук милициясынан кабарлашты.

Баш консулдун айтымында, Ош аймагында иш жүргүзгөн 400гө жакын кытай жараны жол тосуунун айнынан ишмердигин толук жүргүзө албай калган. Ошондой эле Кытайдан Ошко, Оштон Кытайга каттай албай жаткан жарандардан көптөгөн арыздар түшкөн.

Өз кезегинде түштүк аймактагы күч органдарынын башчылары маселе жогорку деңгээлде каралып жатканын, жакын арада жол ачыларын убада кылышккан.

Камактагы депутат Келдибековдун тарапкерлери аны үй камагына чыгаруу талабы менен аталган жолду 27-майдан бери бууп турат. (UEz)
XS
SM
MD
LG