Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:37

Тажикстанда Google иштебей калды


Тажикстандагы интернет колдонуучулар бүгүндөн тарта өлкөдө Google издөө кызматы жана ага тиешелүү Gmail электрондук почтасы ачылбай калганын маалымдашты. Өлкөнүн интернет-провайдерлер ассоциациясынын башчысы Асомиддин Атоев “Азаттыка” дээрлик бардык провайдерлер Google кызматын бууп салышканын билдирди. Эки күн мурда интернет колдонуучулар YouTube видеоканалына кире албай калышкан.

Шаршембиде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун медиа өкүлү Дунья Миятович расмий Душанбени “интернетти чектебөөгө” чакырып, тажик бийликтеринен YouTube каналы эмне үчүн жабылганын түшүндүрүүнү суранган.

Тажик өкмөтүнүн Коммуникциялар кызматынын жетекчи орун басары Рафикджон Шакров YouTube каналы “техникалык себептерден” улам жеткиликтүү болбой жатышы мүмкүн экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG