Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

Жорж Буш 90 жашын парашюттан секирип белгилейт


АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш улуусу 90 жашын парашюттан секирүү менен белгилейт. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазды.

АКШнын 41-президенти 90 жылдыгын дал ушундай белгилөөгө 5 жыл мурда сөз берген. Ал өзүнүн 75, 80, 85 жылдык юбилейлеринде да парашюттан секирген.

Буш өмүрүндө алгачкы жолу Экинчи дүйнөлүк согуш маалында, Тынч океан үстүнөн учагы сокку жегенде, парашют менен секирүүгө мажбур болгон.

Бут оорунун айынан акыркы эки жылдан бери ал майыптар коляскасын колдонот.

Жорж Буш улуусу 1989-1993-жылдары АКШнын президенти болгон.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG